Социалдык тармактарда контейнер-мектептин ачылыш аземинен тартылып алынган сүрөт талкууга алынууда. Бул 6 контейнерде бүгүнкү күндө 172 бала билим алып жатканы белгилүү болду. Мамлекеттик бюджеттин 20 пайызы жумшалган билим берүү тармагын көпчүлүк сынга алып жатат.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Нарындагы контейнер-мектеп талкууга түштү. Бул бюджеттин 20 пайызын билим берүү тармагына жумшаган өлкөгө жараша турган көрүнүшпү?" деген собол салды.
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун айтымында, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына мамлекеттик бюджеттен көбүрөөк каражат бөлүп бериш керек. "Келечекти ойлогон өлкөнүн башкаруучулары билим берүү тармагына мамлекеттик бюджеттен 50 пайыз каражат бөлүп берүү жөнүндө ойлонушу шарт. 20 пайыз бул шылдыңдоого барабар. Ошонун кесепетинен 21-кылымда балдар контейнерде окуп жатышат. Чет өлкөлүктөр бул тууралуу угушса күлөт болуш керек. Алар "бул өсө турган мамлекетпи же өлө турган өлкөбү?" деп айтышат. Эмне үчүн Нарындын аткаминерлери бул боюнча коңгуроо каккан эмес? Билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына көбүрөөк акча каражатын бөлүп берүү зарыл", - дейт Токтонасыров.