Ош облусунун Өзгөн районунда ата-энеси 30 миң сом акчага сатууга аракет кылган наристеге ысым коюлуп, ага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди. Бул тууралуу Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Дина Анарбаева билдирди.
Маалыматка ылайык, наристеге мындан он күн мурун апасы келип кеткен.
"Азырынча сот боло элек. Ошондуктан биз апасына кызын көрсөттүк. Ал эми наристе учурда реабилитациялык борбордо багылууда", - деди Анарбаева.
Буга чейин 15-июль күнү, 25-июнда төрөлгөн ымыркайды сатууга аракет кылган жарандын кармалышы боюнча айтылган. Учурда ымыркай тиешелүү кызматтын кызматкерлери тарабынан алынып, реабилитациялык борбордо каралууда. Соттун чечими менен кылмышка шектүү ата-эне 15-сентябрга чейин үй камагына чыгарылган.