Биз социалдык тармакта

Өзгөндө 22 жаштагы жаран жаңы төрөлгөн кызын 30 миң сомго сатууга аракет кылган

Өзгөндө жаңы төрөлгөн кызын атасы 30 миң сомго сатууга аракет кылган. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 19-июлда SUPER.KG порталына Ош облустук соттон тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 15-июль күнү сатууга аракеттенген жарандын кызы 25-июнь күнү төрөлгөн.

Кылмышка шектелип кармалган А.А. аттуу жаран 1997-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну, ал эми ымыркайдын энеси 1995-жылы туулган Баткендин тургуну экени аныкталган. Учурда ымыркай тиешелүү кызматтын кызматкерлери тарабынан алынып, реабилитациялык борбордо каралууда.

"Кылмыш Ош шаарынын аймагында болгондуктан 17-июль күнү шаардык соттун чечими менен кылмышка шектүү жарандар 2 айга үй камагына алынган", - деп билдиришти облустук соттон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Leilek91
2019-07-19 14:17:30
Депи
-1
Gulnyr19
2019-07-19 18:51:14
Тобоо кылдым. Бала төрөп бизнес кылабыз дешкенби
+1
meku9205
2019-07-19 20:37:14
Бироого зар бироого кор деген ушул мен кызга жетпей атам мага берип койчу багып берейин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан