КҮНСОБОЛ: Бир жыл мурда Бурулайдын өлүмү, эми Жалдагы аёосуз мушташ. Милиция кызматы канткенде оңолот? Адил Турдукулов: "Укук коргоо органдарына элдин ишеними төмөн"

Бир жыл мурда ала качууга дуушар болгон Бурулай Турдали кызынын милиция бөлүмүндө бычакталып каза болуусу коомчулуктун үрөйүн учурган. Жакында эле Бишкек шаарынын Жал кичи районунда аёосуз мушташ орун алып, эки жигит оор абалда комага түшкөн. Мушташтан кийин жерине милиция кызматкерлери келип, ур-тепкиге алгандар менен учурашып, көпкө чейин сүйлөшүп турган видеосу жарыяланган. Мушташтан бери бир апта өттү, бүгүнкү күнгө карата шектүүлөр дале кармала элек.

SUPER.KG порталы "Бир жыл мурда Бурулайдын өлүмү, эми Жалдагы аёосуз мушташ. Эки окуяда тең милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы оркоюп көрүнөт. Милиция кызматы канткенде оңолот?" деген собол салды.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукуловдун айтымында, күч түзүмдөрүнө карата элдин нааразычылыгы чоң. "Менин оюмча, жалгыз эле милиция кызматкерлерине эмес, башка дагы күч түзүмдөрүнө карата элдин ишеними абдан төмөн деңгээлде. Күч түзүмдөрүнө болгон нааразычылыктар чоң. Алар кош стандарттуулукка багыт алып, мыйзам нугунда эмес, өздөрү мыйзамсыздыкка аралашып жатканын көрүп-билип турабыз. Бурулайдын өлүмү, Жалда болгон окуя бул азыркы учурда бийликке гана карата эмес, элдин бири-бирине болгон мамилеси оорлошуп, агрессия жогорку деңгээлге өсүп кеткенинин белгиси. Буга көп факторлор бар", - дейт Турдукулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан