"Барымтага алуу" беренеси боюнча айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина тергөө органы кол телефонун алып койгонун маалымдады. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-сентябрда билдирди.
"Тергөөчүлөр бардык сүйлөшүүлөрдү жана жазышууларды көрүү үчүн менин кол телефонумду тартып алды. Алсын, мен андан аянбайм, бирок телефонду алып коюу боюнча толтурулган протоколго муну менен алар менин депутаттык макамымды бузушканын көрсөттүм. Мен өлкөнүн мыйзам чыгаруу органынын өкүлү болгондуктан шайлоочулар, журналисттер көп чалышат. Бул айткандарыма "сотто даттаныңыз" деген жооп узатышты. Күлкүңдү келтирет, бүгүн сотко ким ишенет?", - деп жазылат Карамушкинанын билдирүүсүндө.
Буга чейин Башкы прокуратура Ирина Карамушкина Кылмыш-жаза кодексинин "барымтага алуу" беренеси боюнча кылмыш ишинде күбө эмес, айыпталуучу катары өтүп жатканын билдирген. 22-августта Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, үй камагына алган.