Бир жыл мурда ала качууга дуушар болгон Бурулай Турдали кызынын милиция бөлүмүндө бычакталып каза болуусу коомчулуктун үрөйүн учурган. Жакында эле Бишкек шаарынын Жал кичи районунда аёосуз мушташ орун алып, эки жигит оор абалда комага түшкөн. Мушташтан кийин жерине милиция кызматкерлери келип, ур-тепкиге алгандар менен учурашып, көпкө дейре сүйлөшүп турган видеосу жарыяланган. Мушташтан бери бир апта өттү, бүгүнкү күнгө карата шектүүлөр дале кармала элек.
SUPER.KG порталы "Бир жыл мурда Бурулайдын өлүмү, эми Жалдагы аёосуз мушташ. Эки окуяда тең милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы оркоюп көрүнөт. Милиция кызматы канткенде оңолот?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков бир канча жылдан бери бардык тармактын абалы оор деген пикирде. "Бизде саясатчылар, мамлекетти башкарып жаткан адамдардын көпчүлүгү милициянын жетекчилигин, Ички иштер министрлигинин ичиндеги кичинекей бир бөлүмдөрдүн аттарын алмаштырып койсок же болбосо башка бир жаңы бөлүмдөр түзүлсө маселе чечилип калат деп ойлошот. Канча жылдан бери милиция кызматыбы, прокуратурабы, УКМКбы же башка тармак болобу бардыгы терең кризиске келип такалган. Бардыгынын абалы оор, коомго кызмат кылбай, өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин аткарбайт. Анын бир гана себеби бар. Бизде мамлекетте башкаруу жолубуз туура эмес. Мамлекеттеги саясий систем туура эмес. Саясий системди өзгөртмөйүнчө биз Бурулайга окшогон бир топ кыздарыбызды, бир топ сабалып жаткан балдарыбызды, кылмыштуулуктун өсүп-өнүгүшүн, милиция кызматынын эч жараксыз экенин күндөн-күнгө турмушубузда көрө беребиз. Бул кетип, тигил келген менен азыр эч кандай маселе чечилбейт", - дейт Равшан Жээнбеков.