"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ажатканасы оңдоп-түзөөдөн өттү

19-августта SUPER.KG'нин "Элдик кабар" рубрикасына окурман "Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин абалы" деген сүрөттөрүн жөнөтүп, ал жердеги ажаткананын абалы мышык ыйлай турган көрүнүштө экенин жана бул үчүн уялып жатканын кабарлаган.

Андан көп өтпөй, 21-августта аталган университеттин окуу иштери боюнча проректору Атабек Алибаев кырдаал боюнча айтып, түшүндүрмө бергенин жазганбыз.

Бүгүн, 5-сентябрда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин административдик-чарба иштери боюнча проректору Салмоорбек Уметов төмөнкүлөрдү айтып, ажаткананын оңдоо иштеринен кийинки абалын чагылдырган сүрөттөр менен бөлүшүп, төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.

Бизде пландуу оңдоп-түзөөлөр жүрүп жаткан эле. Ошондуктан ажаткананы оңдоого акырында убакыт бөлүндү”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Liliia
2019-09-05 17:33:52
100сомго краска алып краскалап эле коюпсунарго, ошону мурда эле кылсанар болбойт беле
+3
katerina.li
2019-09-05 18:40:30
Каери ондолуп турат?? Потолок жагы эле корунуп турат ко
+2
Aimani
2019-09-05 21:18:44
Эми таза кармагыла. Өткөндөгүдөй абалга жеткирбей. Эптеп септеп краскалап коюптур шалпактатып даже сүрөттөн көрүнүп турат. Колду болсо эшикке чыгып жуумайбы?
+2
madina.87
2019-09-06 08:03:30
Эптеп көзүм көрбөсө бир жеримди бөрү жесин кылыптыр да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан