SUPER.KG'нин "Элдик кабар" рубрикасына окурман "Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин абалы" деген сүрөттөрдү жөнөттү. Биз окурман менен байланышканда ал ушул күндөрдө аталган окуу жайга барып, абалына таң калып кайтканын билдирди.
"Мен жумуштарым менен аталган университетке барып таң калып кайттым. Билим бере турган, коомду тарбиялай турган жайдын абалынын өтө начар экенине кейидим. Ал жерде чет элдик абитуриенттер да жүрүптүр. Алардан уялдым. Тазалык деген такыр жок, каралбай калган. Окууга тапшыруу үчүн келген абитуриент да оюнан кайтып кетет го деген ойдо кайттым. Кол жууган жерлерин, дааратканасын иретке келтирүүсүн каалайм", - деди ал өзүнүн билдирүүсүндө.
SUPER.KG порталы аталган окуу жайдын бул тууралуу жообун жарыялоого даяр.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.