Бир жыл мурда ала качууга дуушар болгон Бурулай Турдали кызынын милиция бөлүмүндө бычакталып каза болуусу коомчулуктун үрөйүн учурган. Жакында эле Бишкек шаарынын Жал кичи районунда аёосуз мушташ орун алып, эки жигит оор абалда комага түшкөн. Мушташтан кийин жерине милиция кызматкерлери келип, ур-тепкиге алгандар менен учурашып, көпкө дейре сүйлөшүп турган видеосу жарыяланган. Мушташтан бери бир апта өттү, бүгүнкү күнгө карата шектүүлөр дале кармала элек.
SUPER.KG порталы "Бир жыл мурда Бурулайдын өлүмү, эми Жалдагы аёосуз мушташ. Эки окуяда тең милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы оркоюп көрүнөт. Милиция кызматы канткенде оңолот?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев милиция кызматын колдоо керектигин белгиледи. "Милиция кызматынын ичинде албетте кемчиликтер бар, бирок жакшырак жагы көп деп ойлойм. Анткени бүгүнкү күндө алар коомдук тартипти камсыз кылууда, кылмыштуулук менен күрөшүүдө эң чечүүчү ролду ойнойт. Ошондуктан бир-эки кемчиликти көрүп, бардык милиция кызматкерлерин жаман деген болбойт. Милиция кызматкерлери колунан келишинче иштеп жатат. Алар асмандан түшүп калган жок да, биздин мамлекеттик орган, коомдун мүчөлөрүнөн турат. Коом кандай болсо, милиция кызматы дагы ошондой болот. Милиция кыйынчылыктарда иштеп жатат. Ошондуктан аларды колдош керек", - дейт Дүйшөбаев.