Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиев жатак абагына которулду. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.
"Кылычбек Арпачиев 17-июлда жатак абагына которулду. Жаңы күчүнө кирген кодекстердин негизинде ар бир соттолгон иши кайра каралып, мөөнөтү кыскарып келген экен. Ал мыйзамдын негизинде жатак абагына которулган", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
2015-жылдын 19-март күнү Коррупцияга каршы кызматына жеке ишкер кайрылган. Анда ал Башкы прокуратуранын кызматкери кылмыш ишин токтотуу үчүн 200 миң доллар талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал 2016-жылы 14 жылга эркинен ажыратылган.