Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиевге карата жазык иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Жогорку Соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-март күнү Коррупцияга каршы кызматына жеке ишкер кайрылган. Анда ал Башкы прокуратуранын кызматкери кылмыш ишин токтотуу үчүн 200 миң доллар талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.