Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы Ички иштер министрлиги шашылыш түрдө өз катарын милициянын беделин түшүргөн, коомдун кызыкчылыгына каршы бет алып, мамлекеттин бардык күч-аракетин текке кетирген карасанатай кызматкерлерден тазалашы керектигин айтты.
SUPER.KG порталы "Премьер ИИМдин катарын тазалоо керектигин айтты. Системин өзгөртпөй туруп, милициянын катарын кантип тазалашат?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров ИИМдин катарын тазалоо үчүн системди өзгөртүп, жаңылык ачуунун кереги жок деген пикирде.
"ИИМдин катарын тазалоо үчүн сөзсүз түрдө системди өзгөртүп же жаңылык ачуунун кереги жок. Министрликте ички коопсуздук боюнча атайын кызмат бар. Аларда ал жерде иштеген кызматкерлер тууралуу маалыматтар бар. ИИМде армия чоң, бирок бардыгын иликтештин кажети жок. Чакан Кыргыз мамлекетиндеги министрликти иликтеп, ийне-жибине чейин электен өткөрүү оор эмес", - дейт Мирлан Бакиров