Жарандык активист Гүлжигит Исаков: "Реформа деген сөз абдан көп айтылып, ал "униформаны алмаштыруу" менен гана чектелип калууда". КҮНСОБОЛ

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы Ички иштер министрлиги шашылыш түрдө өз катарын милициянын беделин түшүргөн, коомдун кызыкчылыгына каршы бет алып, мамлекеттин бардык күч-аракетин текке кетирген карасанатай кызматкерлерден тазалашы керектигин айтты.

SUPER.KG порталы "Премьер ИИМдин катарын тазалоо керектигин айтты. Системин өзгөртпөй туруп, милициянын катарын кантип тазалашат?" деген собол салды.

Жарандык активист Гүлжигит Исаков системди өзгөртмөйүнчө эч бир аракет натыйжа бербей турганын айтты. "ИИМдин катарын тазалоо үчүн эмне кылуу керектиги айтылып эле келе жатат. Реформа деген сөз абдан көп айтылып, ал "униформаны алмаштыруу" менен гана чектелип калууда. Болгондо дагы ИИМ кызматкерлеринин өздөрүнө жүктөп коюшууда, жаңы форманы сатып алгыла же тиктирип алгыла деп. Тазалоо деген сөз "өзүнө ыңгайсыздарды гана чыгаруу" менен чектелсе, албетте, өзгөрүү болбойт. Системди өзгөртмөйүнчө, эч бир аракет натыйжа бербейт. Тескерисинче, реформа деген сөзгө зыянын тийгизип, элди тажатат. Бир адам таптаза болуп жуунгандан кийин кайра эле кир көйнөгүн кийип алса эч өзгөрүү болбойт. Жаңы кийим же таза кийимди даярдап алып, анан таза жуунган логикага ылайык болот", - дейт Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан