Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы Ички иштер министрлиги шашылыш түрдө өз катарын милициянын беделин түшүргөн, коомдун кызыкчылыгына каршы бет алып, мамлекеттин бардык күч-аракетин текке кетирген карасанатай кызматкерлерден тазалашы керектигин айтты.
SUPER.KG порталы "Премьер ИИМдин катарын тазалоо керектигин айтты. Системин өзгөртпөй туруп, милициянын катарын кантип тазалашат?" деген собол салды.
Саясат таануучу Орозбек Молдалиев системди өзгөртпөй туруп деле ИИМдин катарын тазаласа болот деген пикирде. "Системди өзгөртпөй туруп деле ИИМдин катарын тазаласа болот. Кеңешүү жүргүзүшөт, жакшы иштегендер калат, жыйынтык бербегендер, тааныш менен келгендер кетет. Ички коопсуздук кызматы бар ошолордун материалдарын карашат. Тазалоо үчүн саясий эрк керек", - дейт Молдалиев.