Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы Ички иштер министрлиги шашылыш түрдө өз катарын милициянын беделин түшүргөн, коомдун кызыкчылыгына каршы бет алып, мамлекеттин бардык күч-аракетин текке кетирген карасанатай кызматкерлерден тазалашы керектигин айтты.
SUPER.KG порталы "Премьер ИИМдин катарын тазалоо керектигин айтты. Системин өзгөртпөй туруп, милициянын катарын кантип тазалашат?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев милиция кызматкерлеринин эмгек шартын өзгөртүү керектигине токтолду. "Милиция кызматын татыктуу деңгээлге чыгарыш керек. Аларды таштанды жыйнамай кызмат кылып жатабыз. Жалаң эле кемчиликтерин айтып жатабыз. Бирок кокусунан бир нерсе болсо "кокуй милиция" деп кыйкырабыз. Алардын эмгек шартын өзгөртүп, катарын тазаласа болот", - дейт Масалиев.