Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы Ички иштер министрлиги шашылыш түрдө өз катарын милициянын беделин түшүргөн, коомдун кызыкчылыгына каршы бет алып, мамлекеттин бардык күч-аракетин текке кетирген карасанатай кызматкерлерден тазалашы керектигин айтты.
SUPER.KG порталы "Премьер ИИМдин катарын тазалоо керектигин айтты. Системин өзгөртпөй туруп, милициянын катарын кантип тазалашат?" деген собол салды.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова ИИМди реформалоо боюнча канчантан бери айтылып жатканын билдирди. "Систем тазаланбаса ИИМдин катарын тазалоо кыйын. Көп эле сунуштар айтылып келет. Бир карасак жаш балдар полковник болуп жатышат. 15 жылдан бери иштегендер четте калууда. Айлыктары Кудайга шүгүр болуп калды. ИИМди реформалоо боюнча канчантан бери айтылып келсе деле ишке ашпай келет", - дейт Абдирасулова.