Темирлан Султанбеков: "Атамбаевди туулган күнү менен "Арноо концерти" аркылуу куттуктоого уруксат бербей коюшту"

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүндө "Арноо концерти" аркылуу куттуктоосуна уруксат бербей коюшканын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

"Жакында, 17-сентябрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. Буга карата биз КТРКнын "Арноо концерти" аркылуу "Кыргызстаным" деген ыр менен куттуктап, жактоочулары аркылуу ошол убакытта сыналгыны күйгүзүп, 5 мүнөт болсо да туулган күнүндө кубанып калса дегенбиз.

Бирок бизге Атамбаевден башка ар кимди куттуктаса болорун билдиришти.

Мына ушундай...кечээ эле "шеф, туулган күнүңүз кут болсун! Мен үчүн Кудайдан кийин сизсиз" деп эң биринчи чалгандар бүгүнкү күндө Атамбаевди куттуктап коюуга тыюу салып жатышат", - деп жазды.



“Арноо концерти” Алмазбек Атамбаевди куттуктоону кабыл алган жок
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан