"Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Супер ырчы мырза" наамынын төрт жолку ээси Нурлан Насип бүгүн, 10-сентябрда 29 жашка толду. Ырчы куттуктап жаткан бардык күйөрмандарына, досторуна ыраазычылыгын билдирип буларга токтолду.
"Түнкү саат 00:00дөн кийин чарчап келсем үйдөгүлөр куттуктайбыз деп күтүп отурушуптур. Бир туугандарым дагы топтолушуптур. Майрам түндө эле башталып, жубайым кымбат баалуу жыпар жыттуу атыр тартуулады. Азыр жумуштарым менен көчөгө чыгып баратып ошол жыпар жыттуу атырды себинип алдым.
Негизи туулган күнүмдү белгилейин деген планым жок болчу. Жашың улуулаган сайын убакыттын көпчүлүк бөлүгүн үй-бүлөң менен чогуу өткөргүң келе берет экен. Бирок досторум кечинде чакан кече өткөрөлү дешти. Ошондой эле социалдык тармак аркылуу куттуктап жаткандарга ыраазычылыгымды билдирем", - дейт ал.
Нурлан Насип 1990-жылы 10-сентябрда Токтогул районунун Терек-Суу айылында туулган. 5 бир туугандын төртүнчүсү. Ал 9-класска чейин туулган айылында билим алып, кийин борбордогу Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырган.
Ырчы 2018-жылы апрель айында 7 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн кесиптеши, сүйүктүүсү Асел Кадырбековага баш кошкон. Таттуу түгөйлөр алгач калың элден бата алуу максатында той-концерт өткөрүшкөн. Ал эми заманбап үлпөт тоюн май айында өткөрүп, интернет айдыңында катуу талкууга алынган.
Түгөйлөр 2019-жылдын 27-мартында Дария аттуу кыздуу болушту.
10-сентябрдын жылнаамасы