Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Анвар Артыков өлкөдөгү пенсионерлердин абалы боюнча суроо салды.
"Эмне үчүн биздин өлкөдөгү пенсионерлер 80 чарчы метрден ашпаган кепеде жашаган кедей деген стереотип жашап калган? Алар каражат тапкан иштеринен кетип, татыктуу эс алууга чыгышат. Эмнеге алар чоң батир алып, туугандарын чакырып конок тосо алышпайт? Дүйнө жүзүндөгү песионерлер акчалуу туристтер деп аталышат. Мисалы, Японияда пенсиясы миллиондоп берилет, аны балдарына эмес, өздөрүнө жумшашы керек. Бизде болсо пенсия аз, салыкты кантип төлөйбүз деп жүрүшөт. Элдин баары Орусиянын жарандыгын алып, ошол жактын пенсиясын алууну көздөп жатышат. Өкмөттө элден башка каражат таба турган булагы барбы?", - деп суроо салды.
Бул жыйында депутаттардын катышуусунда "Кыргыз Республикасынын салыгы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралып жаткан.