КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов: "Парламенттин кийинки курамында дагы негизги түзүмдү азыркы эле депутаттар ээлейт го". КҮНСОБОЛ

Парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт. Бирок коомчулукта парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөрү да айтылып келет.

SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңешке шайлоо мөөнөтүнөн мурун, ушул жылы өтсө, анда кайсы партияларда жеңип чыгууга мүмкүнчүлүк жогору деп ойлойсуз?" деген собол салды.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтпөйт деген оюн айтты.

"Парламенттик шайлоо өз убагында өтөт. Мөөнөтүнөн мурда өтпөйт деген ойдомун. Анткени бул бийлик үчүн оор иш. Ал үчүн парламенттин өзүнүн макулдугун алыш керек. Жогорку Кеңештин макулдугун алуу кыйынчылыкка турат. Кийинки курамда дагы негизги түзүмдү азыркы эле депутаттар ээлейт го. Азыркы шайлоо мыйзамы жаңы күчтөрдүн парламентке келүүсүнө жол ачпайт", - дейт Турдукулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан