Парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт. Бирок коомчулукта парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөрү да айтылып келет.
SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңешке шайлоо мөөнөтүнөн мурун, ушул жылы өтсө, анда кайсы партияларда жеңип чыгууга мүмкүнчүлүк жогору деп ойлойсуз?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, жакында парламенттик шайлоо өтө турган болсо бийликтин бир партиясында жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү болот.
"Эгерде шайлоо жакынкы убактарда өтө турган болсо административдик ресурстарды, укук коргоо органдарынын ресурстарын пайдаланып жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү бийликтин гана партиясында болот. Ал эми калган партиялар чоң альянстарды түзүүгө туура келет. Анткени 9 пайыздык босого менен өтүү, каражат маселесин чечүү бардык партиялар үчүн оор болот. Биздин шайлоочулардын добушу кымбаттап баратат. Ар бир депутаттын орду 500 миң доллардын тегерегинде турат. Ар бир партияга 15-20 миллион доллардай акча керек. Ушулардын баарын чечиш үчүн ар аймактардан чыккан, ар түрдүү көз караштагы саясатчылар, ишкерлер, олигархтар биригүүгө мажбур болот", - дейт Равшан Жээнбеков.