Парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт. Бирок коомчулукта парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөрү да айтылып келет.
SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңешке шайлоо мөөнөтүнөн мурун, ушул жылы өтсө, анда кайсы партияларда жеңип чыгууга мүмкүнчүлүк жогору деп ойлойсуз?" деген собол салды.
"Замандаш" саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов парламенттик шайлоо өз убагында эле болот деген пикирде. "Себеби юридикалык жактан алганда парламентти таркатууга негиз жок. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо элдин колдоосуна ээ болгон партия келет деп ишенем. Партиялык идеясы, программасы бекем камтылган, элдин мүдөсүн аткарган партия келет. Бирок ошол эле учурда капчыктуу партия келбейт деп айта албайм. Бүгүнкү күндө көп акчанын күчү менен келе турган партиялар даярданып жатат. Бул эч кимге жашыруун эмес. Айрым саясий партиялар анын катарында парламентте отурган фракциянын депутаттары аймактарды кыдырып жүрүшөт. Билинбеген үгүт иштери жүрүп жатат. 2020-жылдагы шайлоо аябай кымбат шайлоо болот. Анткени мыйзамга өзгөртүүлөр кирген. 7 пайыздык босого 9 пайызга өстү. Демек, мурун партиянын курамында депутат болуу мандатка жетүү 300 миң доллардын тегереги болсо, азыр 500 миң долларга чыгат. 9 пайыздык босогодон өтүш үчүн партия 180 миң добуш алыш керек. Бул партиялар үчүн аябай оор", - дейт Молдокматов.