Президент Сооронбай Жээнбеков 10-сентябрда Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин төрайымы Элмира Барыктабасованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарланды.
Агы ылайык, жолугушууда Кеңештин ишмердүүлүгүнө байланыштуу актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Президент Сооронбай Жээнбеков судьялар үчүн тандоо сынагынын сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн өзгөчө баса белгиледи.
Ал белгилегендей, сот-укуктук реформанын башында адамдык фактор турат. Буга байланыштуу судьялык кызматка бош орундарга талапкерлерди кароодо талапкерлердин кесипкөйлүгүнө гана эмес, алардын адеп-ахлагына, ыймандуулугуна да көңүл бурууга чакырды.
Мамлекет башчысы ошондой эле айрым тоскоолдуктарды алып салуу максатында судьяларды тандоо процессин жөнгө салуучу мыйзам чыгаруу базасын жакшыртуу зарылдыгына көңүл бурду.
"Президент катуу талаптар Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин курамына дагы коюлуп жатканын кошумчалап, анын ишмердигинин толук ачыктыгын камсыздап, бардык мүмкүн болгон коррупциялык коркунучтарды жокко чыгаруу зарылдыгына токтолду. Элмира Барыктабасова Мамлекет башчысына сот-укуктук реформаны ишке ашыруунун алкагында Кеңештин ишмердиги, аткарылган жумуштардын натыйжалуулугу жана келечек пландар жөнүндө маалымат берди.
2017-жылдын декабрынан баштап 2019-жылдын сентябрына чейин президенттин кароосуна киргизилген 171 судьялык кызматына талапкерлердин ичинен 63 судьянын талапкерлиги негиздүү себептер менен четке кагылып, Судьяларды тандоо боюнча кеңешине кайтарылып берилген", - деп жазылат маалыматта.