Чүйдүн Жайыл районунда жол кырсыгынан эки бала каза болуп, бири ооруканага түшкөн окуучу эсине келе элек. Бул тууралуу аймактык оорукананын башкы дарыгери Болот Майканаев SUPER.KG порталына билдирди.
Дарыгердин айтымында, учурда бала жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы оор, эсине келе элек. Анын баш мээси жабыркаган.
Кечээ, 10-сентябрда 16 жаштагы окуучу Ниссан Сефиро үлгүсүндөгү унааны сурабай айдап чыгып, Орто-Суу-Полтавка унаа жолунда кырсыкка кабылган. Тактап айтканда, айдоочу бала рулга ээ боло албай калып, жол четиндеги бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана жүргүнчү катары кетип бара жаткан 7 жаштагы тууганы экөө окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми 16 жаштагы дагы бир жүргүнчү денесинен ар түрдүү жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген.