Чүй облусунун Жайыл районунда 16 жаштагы баланын башкаруусунда жол кырсыгы катталып, 2 бала каза болуп, бири оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 10-сентябрь күнү саат 12:00 чамасында болгон.
"16 жаштагы окуучу Ниссан Сефиро үлгүсүндөгү унааны сурабай айдап чыгып, Орто-Суу-Полтавка унаа жолунда кырсыкка кабылган. Тактап айтканда, айдоочу бала рулга ээ боло албай калып, жол четиндеги бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана жүргүнчү катары кетип бара жаткан 7 жаштагы тууганы экөө окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми 16 жаштагы дагы бир жүргүнчү денесинен ар түрдүү жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда бул кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.