КҮНСОБОЛ: Парламентке өтүү үчүн босого чек 9 пайыздан төмөндөшү керекпи? Исхак Пирматов: "Бүгүнкү кырдаалда босоголук чек 9 пайыз болгонун туура деп эсептейм"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламентке өтүү үчүн босоголук чекти төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору парламенттин палатасына жетпей жатканын айтты.

Эгерде босоголук чек 9 пайыз бойдон калса, парламентке бийликке жакын партиялар келип, оппозициялык жана жаңы партиялар өтпөй калып, бийликтеги баланс бузулат деген кооптонуулар күч алууда. SUPER.KG порталы "Парламентке өтүү үчүн босоголук чек 9 пайыздан төмөндөшү керекпи?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов көз карашы бир болгон күчтөр биригиши керек деген пикирде.

"Негизи төмөндөтүү керек. Бирок мамлекетибиздин өнүгүп жаткан фазасында, бүгүнкү кырдаалда босоголук чек 9 пайыз болгонун туура деп эсептейм. Партиянын саны көп, сапаты жок болуп калды. 9 пайыздык чектен өтүш үчүн жаңы күчтөр, жаш партиялар биригиши керек. Биз өзүбүз алакандай аз элбиз, эки жүздөн ашык партия болуп, добуштардын чачыранды болгону жакшы эмес. Саясий маданиятыбыз, жалпы маданиятыбыз, жашоо шартыбыз өнүккөндөн кийин босоголук чекти төмөндөтсө болот. Бир көз карашта болгон күчтөр бириксе жакшы көрүнүш", - дейт Пирматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан