Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламентке өтүү үчүн босоголук чекти төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору парламенттин палатасына жетпей жатканын айтты.
Эгерде босоголук чек 9 пайыз бойдон калса, парламентке бийликке жакын партиялар келип, оппозициялык жана жаңы партиялар өтпөй калып, бийликтеги баланс бузулат деген кооптонуулар күч алууда. SUPER.KG порталы "Парламентке өтүү үчүн босоголук чек 9 пайыздан төмөндөшү керекпи?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов босоголук чекти төмөндөтүү керек деген пикирде.
"Албетте, босоголук чек төмөндөш керек. Бирок кеч болуп калды окшойт. Парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 5 пайызга чейин төмөндөтсөк жаңы күчтөргө, жаңы партияларга жакшы болмок. Эркин атаандашуу болсо туура болот", - дейт Сулайманов.