Депутат Исхак Масалиев: "Парламентке өтүү үчүн босого чегин 9 пайыздан төмөндөтүү зарыл". КҮНСОБОЛ

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламентке өтүү үчүн босоголук чекти төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору парламенттин палатасына жетпей жатканын айтты.

Эгерде босоголук чек 9 пайыз бойдон калса, парламентке бийликке жакын партиялар келип, оппозициялык жана жаңы партиялар өтпөй калып, бийликтеги баланс бузулат деген кооптонуулар күч алууда. SUPER.KG порталы "Парламентке өтүү үчүн босоголук чек 9 пайыздан төмөндөшү керекпи?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев босоголук чек 9 пайыз болсо бир-эки партияга гана парламентке өтүүгө мүмкүнчүлүк болуп калат деген оюн билдирди.

"Парламентке өтүү үчүн босого чегин 9 пайыздан төмөндөтүү зарыл. Бүгүнкү күндө 2 миллион шайлоочу болсо, партияда 180 миң добуш болуш керек. Бул бир-эки партияга парламентке өтүүгө жол бере турган мүмкүнчүлүк. Жаңы партияларга парламентке келүүгө мүмкүнчүлүк жок болуп калат", - дейт Масалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан