"12 сааттык толгоодон кийин көз жардым" дейт ырчы Кыздаркан Келдибекова

Ырчы Кыздаркан Келдибекова кыздуу болду. 12 саат толгоо тартканын айткан ырчы абалы жакшы экенин айтып буларга токтолду.

"Кечээ, 10-сентябрда эртең мененки саат 08:10до борбордогу төрөтканалардын биринде көз жардым. Кызымды боорума алганда 12 саат бою толгоо тартып, кыйналганымды унутуп койдум. Кызымдын салмагы 3 килограмм. Боюнун узундугун эстеп калган жокмун. Буюрса, эртең төрөтканадан чыгабыз.

Ал эми ысымды чоң атасы, чоң апасы коёт. Азырынча кандай ысым ыйгарарыбыз чечиле элек", - дейт ал.

Ырчы ушул жылдын февраль айында 4 жылдан ашык убакыт сүйлөшүп жүргөн мырзага турмушка чыккан.

Ал "Ак тилек", "Телефон чалып тур", "Ойлодуң бекен?", "Сүйүү жазы" жана башка ырлары менен таанымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
katerina.li
2019-09-11 16:43:10
Бешик боосу бекем болсун дейличи,бирок ушу ырчылар толготоконуна чейин айта бергени жакпайт мага. Ар бир экинчи аял кыйналып торойбуз.
+4
nuke-85-85
2019-09-11 17:03:17
Ушул жылдын февраль айында турмушка чыкса эрте тороп албадыбы???????????????
+8
Baatirbek81
2019-09-11 22:21:05
.nuke85-85. Төрт жыл сүйлөшүп жүрсө анан ары бери болдуда!
+6
madina.87
2019-09-11 22:41:52
өзү ырчылар ушинтип шашылып төрөп салышат го.7 ай эми болуптур тийгенине.
-1
Begimay.emir1
2019-09-12 04:04:11
32 жашка чыгыптыр. Биринчи наристеси экен. Бешик боо бек болсун
+1
aida007
2019-09-12 13:57:40
Бешик боосу бек болсун бактылуу кыздардан болсун кызы)) бирок бул ырчыны тааныбайт экем
+1
toma95
2019-09-12 16:53:48
Бешик боонуз бек болсун! Кызыныздын омуру узун, ден-соолугу бекем омурлуу, ыймандуу, акылдуу,сулуу кыргыздын сыймыктанган кыздарынан болсун.Кош бойлуу эже синдилер аман эсен тороп перзенибизди сыймыктануу суйунуу менен колубузга алалы.Толгообуз женил болсун!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан