Депутат Жыргалбек Турускулов: "Парламентке өтүү үчүн босого чегин төмөндөтүлүшү керектигин көп депутаттар айтып жатышат". КҮНСОБОЛ

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламентке өтүү үчүн босоголук чекти төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору парламенттин палатасына жетпей жатканын айтты.

Эгерде босоголук чек 9 пайыз бойдон калса, парламентке бийликке жакын партиялар келип, оппозициялык жана жаңы партиялар өтпөй калып, бийликтеги баланс бузулат деген кооптонуулар күч алууда. SUPER.KG порталы "Парламентке өтүү үчүн босоголук чек 9 пайыздан төмөндөшү керекпи?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов босого чегин төмөндөтүү боюнча көп депутаттар айтып жатканын билдирди. "2016-жылы босого чегин 9 пайызга көтөрүү боюнча мыйзам кабыл алынган. Негизи бул маселени парламентте карайбыз го. Азыр Жогорку Кеңештин палатасына талкууга алынып чыгат. Босого чеги төмөндөтүлүшү керек көп депутаттар айтып жатышат", - дейт Турускулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан