Каныбек Исаков билим берүү жана илим министри болуп дайындалды

Каныбек Исаков билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бүгүн, бул жарлыкка 11-сентябрда Сооронбай Жээнбеков кол койду.

2011-жылдан бери Каныбек Исаков Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеген.

Буга чейин Исаковду премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүп, анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары колдогон.

4-сентябрда мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева кызматынан бошотулган. Акыркы учурда Билим берүү жана илим министрлигине жана анын жетекчилигине карата коомчулук тарабынан сындар күчөгөн эле. Жакында эле Нарын облусундагы контейнер мектептин ачылыш аземи социалдык тармактарда талкууга алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан