Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы Нуркыз Кадырбекова SUPER.KG порталына губернатордун орун басары Байыш Юсуповдун маалыматына таянып, Араванда Өзбекстанга өтүп кетти делген 400 гектар жер тууралуу комментарий берди. Ал Төө-Моюн айыл аймагындагы Керкидан суу сактагычынын айланасындагы Кыргыз өлкөсүнө караштуу 400 гектар жер аянты. Ал жер дыйканчылыкка ыңгайлуу жана айылга жакын болгондуктан, Өзбекстандын Гүлбаар айылынын жанындагы жер тилкеси менен алмашылып жатканын, бирок документ иштери бүткөнү менен практикалык иштер аягына чыга электигин айтып, түшүндүрмө берди. Маалымат катчынын айтымында, жерди алмашуу кыргыз тараптын сунушу болгон.
"Өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсуповдун пикирине таяна турган болсок, Араван жергесинин Төө-Моюн айыл аймагы алыскы таштак жана суу жетпеген айыл. Ал аймакта Керкидан суу сактагычы бар. Суу сактагычтын айланасындагы таштак жердин 400 гектары Аравандын кире беришиндеги жолдун боюна өтө жакын, анын жанында Өзбекстандын чек арасы бар.
Ошол жерди алмашуу боюнча кыргыз тарап сунуш берген экен. Сунуш берилгенине көп жыл болуп, Кыргыз-Өзбек алакасы бир калыпта тургандыктан бул маселе чечилбей келген. Бизге ыңгайлуу болгон үчүн алар бул маселени караган эмес. Эки тараптуу сүйлөшүлүп, келишимдин негизинде дилимитация иштери 2 жылдын аралыгында бүткөн. Бирок демаркация иштери, комиссия барып, казыкты кагып, мамы коюп практика жүзүндө эч нерсе боло элек. Практикалык иштер бүтө электигине карабай, өзбек тарап курулуш иштерин башташкан. Мындан улам жергиликтүү эл нааразычылык билдирип чыккан. Ал аймактын жашоочуларына айтылып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, демаркация маселеси бүткөнчө казуу, куруу иштери токтотулсун деген чечим кабыл алынып, учурда иштер токтоп турат.
Кыргыз тарап сунуш берип, өзбек тарап кабыл алып, эки тараптын чечими менен ал жактагы иштер токтотулду. 27-сентябрдан кийин бул маселеге тиешелүү жыйындар өткөрүлөт. Жыйындан соң баары белгилүү болот. Жер өзбек тарапка өтүп кетти деген туура эмес. Кагаз иштери бүткөнү менен практика жүзүндө эч нерсе бүтө элек. Коопсуздук үчүн чек ара кызматкерлери абалды көзөмөлгө алууда", - деп билдирди өкмөт өкүлүнүн маалымат катчысы.
Эскерте кетсек,10-сентябрда Өзбекстандын аскерлери Кыргыз өлкөсү менен чектешкен Араван районундагы Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги аймакты тосуп киргени Кыргыз жарандарын нааразы кылып, эки тараптын пикир келишпестигине жем таштаган. Абал менен жеринен таанышкан Араван районунун акими окуя боюнча түшүндүрмө берген.
Ал эми кечээ, 11-сентябрда Ош шаарында Аравандагы абал боюнча өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөн.
Андан көп өтпөй мамлекттик чек ара кызматы аталган окуя боюнча абал стабилдүү экенин айтып, расмий маалымат тараткан.