Мамлекеттик чек ара кызматы Аравандагы абал тууралуу маалымат таратты

Кыргыз өлкөсүнүн Араван районунда жайгашкан Кыргыз-Өзбек чек арасында учурда абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

"10-сентябрда өзбек аскерлери аларга жакын аймактагы чек ара сызыгынын жээгиндеги жолду тазалап жаткан. Ал жерде аскердик техника болгон эмес. Кыргыз тараптын жарандарынын нааразычылыгынан кийин гана аталган аймакта өзбек аскерлери күчөтүлгөн тартипте иштей баштаган. Эки тараптын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүп, абалды турукташтыруу үчүн тазалоо иштери убактылуу токтотулду. Учурда чек арадагы абал туруктуу. Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз-Өзбек чек ара аймагында кырдаалга көз салып турат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, буга чейин Өзбекстандын аскерлери Кыргыз өлкөсү менен чектешкен Араван районундагы Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги аймакты тосуп киргени Кыргыз жарандарын нааразы кылып, эки тараптын пикир келишпестигине жем таштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Anti-S
2019-09-11 21:42:24
Мамлекетибиз кичирейип эле баратат. Бут эле туз жерлерибиз сатылып кеткен окшойт. Акырындан тоого жылып баратабыз
+2
elchi84
2019-09-12 00:38:02
Эл оз колуна алып чек араны чечпесе болбойт окшойт,чондор жерлерди сатып эмне дерин билбей жаткан кези окшойт.......
+1
elb_2121
2019-09-12 06:38:07
тазалоо иштерин дейт шылтоосун кара чон соройлордун не озбектер биздин чондор саткан жерди тазалап жаткан экенби?
+1
altyn-kumush
2019-09-12 09:14:27
Мамлекетти мамлекет кылган негиздердин бири - чек ара. Чек арабызды тактап тосуп албасак өзүбүздүн келечек жаштар алдында кантип жооп беребиз.
0
Bektur2011
2019-09-12 09:32:04
Чек ара тынч экен кырдаалдан пайдаланып ар кандай чагымчылдык аракеттерди жасагандарга тезинен чара көрүш керек.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан