Депутат Улугбек Ормонов: "Латын арибине өтүүдө жакшылап талдоо керек. Кошуналар өттү деп эле өтүп кеткен болбойт". КҮНСОБОЛ

Кечээ, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып, колдоо тапты. Ал депутаттардын суроосуна жооп берип жатып латын арибине өтүүнү колдой турганын айтты. Жаңы министрдин пикири коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды.

SUPER.KG порталы "Латын арибине өтүү Кыргыз өлкөсү үчүн келечекте кандай артыкчылыктарды берет?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов бул маселени талдоо керектигин айтты.

"Латын арибине өтүү англис тилин үйрөнгөнгө мүмкүнчүлүк бериши ыктымал. Анализдеп чыгуу керек. Кошуналар өттү деп эле өтө бергенге болбойт. Бул маселени талдап чыгуу шарт. Түрк тилдүү мамлекеттин баарысы эле латын арибине өткөн эмес", - дейт Ормонов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан