Депутат Төрөбай Зулпукаров: "Англис тилинде жазганды, окуганды билебиз. Латын арибине өтсөк кыйынчылык деле болбойт". КҮНСОБОЛ

Кечээ, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып, колдоо тапты. Ал депутаттардын суроосуна жооп берип жатып латын арибине өтүүнү колдой турганын айтты. Жаңы министрдин пикири коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды.

SUPER.KG порталы "Латын арибине өтүү Кыргыз өлкөсү үчүн келечекте кандай артыкчылыктарды берет?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров латын арибине өтүү Кыргыз өлкөсү үчүн келечекте артыкчылыктуу болорун так айта албай турганын билдирди.

"Латын ариби дүйнөлүк тамгаларына жакын. Бирок кандай артыкчылык бере турганын так айта албайм. Англис тилинде жазганды, окуганды билебиз. Латын арибине өткөндө кыйынчылык деле болбойт. Мунун пайдалуу, зыян жагын анализ кылып чыга элекмин", - дейт Зулпукаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан