Кечээ, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып, колдоо тапты. Ал депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, латын арибине өтүүнү колдой турганын айтты. Жаңы министрдин пикири коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды.
SUPER.KG порталы "Латын арибине өтүү Кыргыз өлкөсү үчүн келечекте кандай артыкчылыктарды берет?" деген собол салды.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Медербек Аким уулунун айтымында, латын арибине өтсөк деле тил боюнча азыркы көйгөйлөр ошол бойдон калат. "Латын арибине өтүү келечекте бир тармактарда өзүнүн үзүрүн бериши мүмкүн. Социалдык тармактарда бул маселе кеңири талкууга алынып жатат. Бирок азыркы учурда биз тил жаатында маселени толук чечип бүтө элекпиз. Эгерде латын арибине өтсөк эле ушул маселелердин баары чечилип калат десе мен буга макул болмокмун. Тилекке каршы, латын арибине өтсөк деле тил боюнча азыркы көйгөйлөр ошол бойдон калат. Ага дагы бир көйгөй кошулат. Латын арибине өтүү өтө көп каражатты талап кылат. Улуттук илимдер академиясында же илимпоздор чөйрөсүндө болобу маселе кеңири талкууланышы керек. Пайдалары жана чыгымдары толук эсептелип, андан кийин тең салмактуу чечим кабыл алсак жакшы болмок. Анын ишке ашыруу механизмдеринин бардыгын иштеп чыгып, тийиштүү мамлекеттик органдардын милдеттерин так аныктап берип, аткаруу мөөнөтүн тактоо зарыл. Мындан соң иш-чаралар планынын негизинде бир тараптуу иш алып барсак жакшы болмок. Азыркы учурда латын арибине өтүүнүн муктаждыгын, зарылдыгын көрбөй турабыз", - дейт Медербек Аким уулу.