Өзбекстандын аскерлери Кыргыз өлкөсү менен чектешкен Араван районундагы Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги аймакты тосуп киргени Кыргыз жарандарын нааразы кылган. Мындан улам эки тараптын пикир келишпестиги орун алган. Адегенде Кыргыз бийлиги Араван районунда абал тынч деген маалыматты таратып жатты. Эки күндөн кийин гана өкмөт кеңири маалымат жарыялоого аргасыз болду. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү Төө-Моюн айыл аймагындагы Керкидан суу сактагычынын айланасындагы Кыргыз өлкөсүнө караштуу 400 гектар жер аянты дыйканчылыкка ыңгайлуу жана айылга жакын болгондуктан, Өзбекстандын Гүлбаар айылынын жанындагы жер тилкеси менен алмашылып жатканын, бирок документ иштери бүткөнү менен, практикалык иштер аягына чыга электигин айтып, түшүндүрмө берген. Мунун айынан коомчулукта чек арага байланыштуу тактоо иштери элге ачык айтылбай, жашыруун жүргүзүлөт деген талкуунун тегерегинде сын-пикирлер күч алды.
SUPER.KG порталы "Чек араны тактоо иштерин элден жашыруун жүргүзүү туурабы?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев белгилегендей, чек араны тактоо иштери жашыруун болбошу керек.
"Кыргыз мамлекети укуктук, демократиялык өлкөбүз. Демократия деген элдин бийлиги дегенди түшүндүрөт. Элдин бийлиги дегенден кийин эл бардык маселени билиши керек. Чек ара маселесин тактоо иштерин жүргүзүп жатканда кыргыз элинин кызыкчылыгы жогору турушу зарыл. Бардыгы коомчулукка белгилүү болушу керек. Чек араны тактоо иштери терең изилдениши шарт. Чек араны тактоо ишин жүргүзүп жаткан өкмөт тарабынан түзүлгөн комиссияга элдин нааразычылыгы бар. Комиссияга мамлекет үчүн күйгөн, патриот мүчө болушу абзел. Мурда "Алга Кыргызстан", "Ак Жол" партияларында жүргөн адамдар аталган комиссияга кирип кеткенинен зээниң кейит. Ошондуктан комиссиянын курамын карап чыгуу мезгилдин талабы", - дейт Төлөгөн Келдибаев.