Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаарындагы Жибек Жолу менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен бир адам каза болуп, жабыркагандар ооруканага жеткирилди.
"Кырсык бүгүн, 14-сентябрда болжол менен эртең менен саат 6:00 чамасында болгон. Лексус үлгүсүндөгү унаа менен Тойота Виш унаасы кагышкан.
Кырсыктан Тойота Виш унаасында бара жаткан жүргүнчү көз жумган. Ал эми Лексус унаасын башкарып бара жаткан айдоочу ооруканага жеткирилип, унаасы айып пул төлөөчү жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.