Чүй ОИИББинин кызматкерлери Бишкек-Ош жолунда 3 машина сүзүшүп, 4 адам каза болгон жол кырсыгындагы Хонда-Торнео унаасынан качып кеткен айдоочуга издөө салат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, качып кеткен айдоочунун аты-жөнү Талгатбек Алтымышов. Ал Талас облусунда төрөлгөн. Жашы 24тө.
"Күбөлөр жол кырсыгынын келип чыгышына Хонда-Торнео унаасы күнөөлүү экенин айтып беришти. Ал алгачкы жардам алган соң из жашырып качып кеткен. Азыркы учурда бардык издөө иликтөө иштери жүрүүдө. Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн номерлери 0312 22-15-58, 0555 29-95-20 , 0701 31-41-93. Анонимдүүлүк сакталат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Ошондой эле Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол кырсыгынан каза болгон 4 жаран бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин билдирди. Тактап айтканда, күйөөсү, аялы жана 2 баласы. Ал эми учурда бул бүлөнүн дагы бир 8 жаштагы кызы ооруканада.
Окуянын чоо-жайы:
Жол кырсыгы 18-августта болжол менен эртең мененки саат 9:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 172-чакырымында орун алган. Анда Хонда Торнео үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу алдыдагы унааны ашып өтүү үчүн каршы тилкеге чыгып, алдыдан күйүүчү май ташыган унааны көргөн, ал кайра өзүнүн катарына түшүү аракетин жасап жатып Мазда үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган, ал эми Мазда үлгүсүндөгү унаа оор жүк ташуучу унааны сүзүп жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Мазда унаасындагы 4 адам каза болуп, дагы 1 адам оор жаракаттарды алган.