"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоору: Биринчи болуп чатыр тиккен команданын оюнчуларына азык-түлүк берилди

SUPER TV, "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулуп жаткан "Жылаңач баатыр": "Көл жээгинде" реалити-шоусу уланууда. Долбоордун 1-күнүндө "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" командаларынын ортосунда азык-түлүк үчүн мелдеш орун алды.

Алгач эки команда кум жээкке өздөрүнүн чатырын тигишти. Аларга бардык шаймандар берилип, чатыр тигүүнүн схемасы көрсөтүлдү. Кайсы команда биринчи болуп чатыр тиксе ошол топко 3 килограмм картошка, 1 литр суу май, тамак-аш тузу, ширеңке жана ар бир оюнчуга тез даярдалуучу кесме, суу берилмек. Буга чейин маалымдалгандай, командалар тамак-аш үчүн күч сынашмак.

Бул ирет "Кызыл кемсел" командасынын оюнчулары өздөрүнүн шамдагайлыгы, чеберчилиги менен чатырды биринчи куруп, азык-түлүккө ээ болушту. Ийгилик жылмайган команданын оюнчулары "биздин курсагыбыз аябай ачкандыктан, жанталашып чатырды биринчи болуп курдук" деп тамаша аралаш сөздөрүн айтышты. Ошондой эле оюнчулардын жарымы ырчы болгондуктан, мындан ары ырчы болбой эле "прораб болуп иштеп кетсекпи" же "курулуш компаниясын ачсакпы" деп азилдешти.

Ал эми чатырды тигип бүткөнгө үлгүрбөй калган "Көк кемсел" командасынын оюнчуларынын ар бирине тез даярдуулучу кесме, суу жана 100 граммдан күрүч берилди. Мындан тышкары, эки командага тең казан берилди.

Ушуну менен эки топко берилген сынак аяктады. Андан кийин оюнчуларга токойдон отун терип, тамак бышырып түштөнүп алуусу үчүн убакыт берилди. Бүгүнкү оюнда утулуп калган командадан бир оюнчу долбоордон четтетилет. Ал ким экенин команда жашыруун добуш берүү менен тандап алат.

"Кызыл кемсел" командасында:

Азамат Мамбетов, Замира Хатамова, Шахназар Жороев, ырчылар Саниа, Айгерим Эшим, Марс Мамаев, Калыс Жакыпов.

"Көк кемсел" командасында:

Азамат Аманидинов, Айгерим Ибрагимова, Деңиз Маданбеков, Зарылбек Аликенов, ырчылар Нуркыз Кожонова, Назэль, Кудайберди Айтбосунов.

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.

Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.

Чыпалак Баатыр Жылаңач Баатыр боло албадыбы? Ким кетти? (2-күн)
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан