"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоору. Ырчы Кудайберди Айтбосуновдун ачуусуна тийип, түшүнбөстүктөр менен коштолгон оюндан сүрөттөр

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоору күндөн-күнгө кызып жатат. Ал эми катышуучулар убакыт өткөн сайын азаюуда.

Долбоордун 5-күнүндө "Мина талаасы" аталышындагы оюн болду. Анда атайын белгиленген аймакка ичине таза суу жана ылай суу куюлган 60 даана кружкалар ар кандай ыраатта жайгаштырылды. Оюнчунун көздөрү таңылып таза суусу бар кружкаларды кулатканы үчүн упайга ээ болсо, ылай сууну кулатса 1 упай кемитилет. Ошондой эле белгиленген аянттан чыгып кетсе 10 упай карыз болушат.

Оюнчулар бардык шарттар менен таанышкандан кийин, командадагы оюнчулардын саны бирдей болушу үчүн "кызыл кемселчендерден" бир оюнчу четтетилди. Алар кеңешип, Саниа бул жолку оюнга катышпай турат деген бүтүмгө келишти.

Чүчү кулактын негизинде "Көк кемсел" командасы оюнду биринчилерден болуп баштады. Ар бир оюнчуга 5 мүнөттөн убакыт берилип, жыйынтыгында бул топтон Айгерим Ибрагимова жана ырчы Кудайберди Айтбосунов гана талаадан чыгып кетпей, маарага чейин мина талаасын аралап басышты. Ал эми "Кызыл кемсел" командасынан ырчы Айгерим Эшим, Калыс Жакыпов, Шерхан Абкулов, Марс Мамаев жана Зарина Хатамова маарага чейин келип, каршылаштарын чоң айырма менен жеңип алды.

Ошентип командалык оюнда "кызыл кемселчендер" ийгиликке жетип, кол тийбестик тумарын сактап кала алышты.

Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган.Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.

Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.

Добуш берүүдө күтүүсүз окуя орун алды (5-күн)
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан