Чүйдө эки өспүрүмдүн өмүрүн алган жол кырсык. Ооруканадагы окуучу эсине келе элек

Чүйдүн Жайыл районунда жол кырсыгынан эки өспүрүм каза болуп, бир окуучу ооруканага түшкөн. Азыркы учурда эсине келе элек. Абалы оор. Бул тууралуу аймактык оорукананын башкы дарыгери Болот Майканаев SUPER.KG порталына билдирди.

"Өспүрүм жандандыруу бөлүмүндө. Бир аз колдору кыймылдап калды. Бирок эсине келе элек. Дарыгерлер болгон аракетти көрүп жатышат", - деди Майканаев.

Окуянын чоо-жайы:

10-сентябрда 16 жаштагы окуучу Ниссан Цефиро үлгүсүндөгү унааны сурабай айдап чыгып, Орто-Суу-Полтавка унаа жолунда кырсыкка кабылган. Тактап айтканда, айдоочу бала рулга ээ боло албай калып, жол четиндеги бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана жүргүнчү катары кетип бара жаткан 7 жаштагы тууганы экөө окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми 16 жаштагы дагы бир жүргүнчү денесинен ар түрдүү жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан