КҮНСОБОЛ: Такталбаган аймакта курулуш иштери жүрүп жатканына эмне үчүн чек арага жооп берген вице-премьер үн ката элек? Гүлжигит Исаков: "Жергиликтүү эл чек арага жооп берген вице-премьерге караманча каршы экен"

14-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында тажик тарап такталбаган жерге курулуш ишин баштаганы тууралуу маалымдалган. Лейлектен Бишкек шаарына келген айылдык кеңештин депутаттары "Баткен районунун үч айыл өкмөтү анклав болгону турат" деп бийликке кайрылуу жасаган. Мамлекеттик чек ара кызматынан аталган аймактагы абал туруктуу деп маалымат тараткан. Ал эми чек ара маселеси боюнча жооп берген вице-премьер-министр Жеңиш Разаков расмий түрдө билдирүү жасабаганы коомчулукта сындалып жатат.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик чек арасынын такталбаган аймагында коңшу өлкө курулуш иштерин үч күндөн бери жүргүзүүдө. Эмне үчүн чек арага жооп берген вице-премьер ушул убакка дейре үн ката элек?" деген собол салды.

Жарандык активист Гүлжигит Исаков бийлик эл жактырбаган вице-премьерди кызматта кармап отурат деген пикирде.

"Ушул жылдын жай айларында Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан кезектеги жаңжалдан кийин биздин санаалаштарыбыз чек арага барып, өз көздөрү менен көрүп, эл менен баарлашып келишкен эле.
Жергиликтүү эл чек арага жооп берген вице-премьерге караманча каршы экен. Бийлик эмне үчүн эл жактырбаган вице-премьерди кызматта кармап турат? Бийлик элди тоотпойбу? Вице-премьердин аркасынан ээрчиген сөздү эске албайбы? Тажиктердин колунда кандай компроматтар бар? Улуттун кызыкчылыгы бир кишиден төмөн турабы? Суроолор абдан көп. Журналисттер анын эшигин каккылап, кайсы жерде болсо дагы таап, коомдун маалымат алуу укугунан пайдаланышы керек. Коопсуздук органдары иликтей турган жагдайлар көп. Мамлекеттүүлүк, улуттук кызыкчылык жеке адамдардын айыбынын ачылып калышынан жогору турат. Улуттук кызыкчылык жеке каталардын айынан садага чабылбашы керек", - деди Гүлжигит Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан