14-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында тажик тарап такталбаган жерге курулуш ишин баштаганы тууралуу маалымдалган. Лейлектен Бишкек шаарына келген айылдык кеңештин депутаттары "Баткен районунун үч айыл өкмөтү анклав болгону турат" деп бийликке кайрылуу жасаган. Мамлекеттик чек ара кызматынан аталган аймактагы абал туруктуу деп маалымат тараткан. Ал эми чек ара маселеси боюнча жооп берген вице-премьер-министр Жеңиш Разаков расмий түрдө билдирүү жасабаганы коомчулукта сындалып жатат.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик чек арасынын такталбаган аймагында коңшу өлкө курулуш иштерин үч күндөн бери жүргүзүүдө. Эмне үчүн чек арага жооп берген вице-премьер ушул убакка дейре үн ката элек?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков күндөн-күнгө чек арада чатактар көбөйүп жатканын белгиледи. "Чек ара маселеси бизге, Тажикстанга окшогон кедей, авторитардык коррупциялашкан мамлекеттер үчүн оор, татаал көйгөй болуп эсептелинет. Эгерде бул маселени көптөн бери президент өзү жеке көзөмөлүнө алып, өкмөт, укук коргоо органдары кийлигишип чече албай жатса бул бийликтин көйгөйдү чечүүгө потенциалы түгөнүп баратканынын далили. Анткени күндөн-күнгө чатактар, конфликттер көбөйүп жатат. Элдин чек ара маселеси боюнча нааразычылыгы күчөп жатканда бийлик көңүл бурбай, чечпей отурса алар буга кызыкдар эмес же колдорунан келбей калды", - дейт Жээнбеков.