14-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында тажик тарап такталбаган жерге курулуш ишин баштаганы тууралуу маалымдалган. Лейлектен Бишкек шаарына келген айылдык кеңештин депутаттары "Баткен районунун үч айыл өкмөтү анклав болгону турат" деп бийликке кайрылуу жасаган. Мамлекеттик чек ара кызматынан аталган аймактагы абал туруктуу деп маалымат тараткан. Ал эми чек ара маселеси боюнча жооп берген вице-премьер-министр Жеңиш Разаков расмий түрдө билдирүү жасабаганы коомчулукта сындалып жатат.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик чек арасынын такталбаган аймагында коңшу өлкө курулуш иштерин үч күндөн бери жүргүзүүдө. Эмне үчүн чек арага жооп берген вице-премьер ушул убакка дейре үн ката элек?" деген собол салды.
Саясатчы Ахматбек Келдибеков чек ара маселеси өтө кылдаттыкты талап кыла турганын айтты. "Бүгүнкү күндөгү Кыргыз-Тажик чек арасында болуп жаткан окуялардын бардыгы көптөн бери топтолуп, чечилбей келе жаткан маселенин негизинде болуп жатат. Эгерде ошону учурунда эки коңшу өлкөнүн президенттери көңүл буруп, чечкенде бүгүнкү күндөгүдөй көйгөй болмок эмес. Менин оюмча, азыркы президенттин алып барып жаткан иштери боюнча Өзбекстан, Тажикстан менен бул маселе келечекте чечилет деген ишеничтемин. Бирок ага чейин өкмөт тарабынан түзүлгөн комиссия чек араны делимитация жана демаркациялоо иши аягына чыгып, чечим кабыл алынганга чейин чек аранын жанындагы бош, талаш жерлерде эч кандай курулуш болбош керек. Бири-бирине элдин нааразычылыгын күчөтө турган маселелер каралбаш керек. Муну өкмөт жөнгө салып протокол иретинде болобу тастыктап жазып коюш керек. Себеби делимитация бүткөндөн кийин гана ар бир өлкө өзүнүн чек арасында кандай курулуш иштерди алып барып, кандай кылып пайдалана турганын чечет. Чек ара маселеси боюнча өкмөттүн тийиштүү вице-премьери кандайдыр бир маселе чыкса өтө чоң маани берип, көңүл буруу зарыл. Керек болсо ал жерге барып, көйгөйдү ордунан чечкенге аракет кылуу шарт. Вице-премьерлер ушул маселеге өтө кылдаттык менен мамиле кылып, маани берүү менен гана иш алып барышы керек", - дейт Келдибеков.