КҮНСОБОЛ: Чек арада чыккан чырдан 1 адам каза болду. Мындай конфликтти болтурбай, алдын алуунун жолу бар беле? Бакирдин Субанбеков: "Бул маселе толук чечилбесе, ушундай окуялар улана берет"

Кечээ, 16-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында ок атылып, 41 жаштагы чек арачы Равшан Муминов каза болгон. Мындан тышкары, дагы 13 жаран жаракат алган. Бул окуянын келип чыгышына тажик тараптын такталбаган жерге курулуш иштерин баштаганы себеп болгон.

SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чырдан 1 адам каза болуп, 13 адам жабыркады. Мындай конфликтти болтурбай, алдын алуунун жолу бар беле?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков мамлекет жетекчилери бул маселени чечиши керек деген пикирде. "Мындай окуяны болтурбоо үчүн алдын алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эртең Жогорку Кеңештин палатасында бул маселе каралат. Маселе толук чечилбесе, окуя улана берет. Жаз келсе суу талаш башталат. Тарыхта өмүр бою коңшу мамлекеттердин чатагы суу жана жер талаштан чыгып келген. Мамлекет жетекчилери бул маселени чечиши керек", - дейт Субанбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан