Эртең, 20-сентябрда Оренбург облусунда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбеков жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматынан билдиришет.
Оренбург облусунун "Донгуз" полигонунда "Борбор-2019" стратегиялык окуу-машыгуулары өтөт. Бул машыгуу бир канча өлкөлөрдүн жана ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн аскерлеринин катышуусунда өтөт.
Аталган полигондо эки өлкөнүн президенттеринин эки тараптуу жолугушуусу өтөт.