Жогорку Кеңеш таркаганы жатабы? Буга карата төрага Дастан Жумабековдун жообу

Бүгүн, 20-сентябрда айрым маалымат булактарында "Жогорку Кеңеш жакында таркайт" деген жоромолдор жарыяланды. Мындай кептер бүгүн эле эмес, акыркы учурда көп айтылууда.

Буга карата төрага Дастан Жумабековдун жообун парламенттин маалымат кызматы таратты. "Жогорку Кеңеш таркашы мүмкүн деген ушактар боюнча спикер Дастан Жумабековдун позициясы бул - азыркы тапта буга эч кандай негиз жок. Керек болсо, мындай демилге да жок. Парламентти таркатуунун процедурасы Конституцияда так көрсөтүлгөн", - дейт спикер.

Буга чейин SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңешке шайлоо мөөнөтүнөн мурун, ушул жылы өтсө, анда кайсы партияларда жеңип чыгууга мүмкүнчүлүк жогору деп ойлойсуз?" деген собол салган.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" мыйзамынын 142-беренесинде Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таратуусу төмөндөгүдөй шарттарда ишке ашат:

  1. Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратуу жөнүндө чечим кабыл ала алат. Өзүн-өзү таратуу жөнүндө негизделген сунушту фракция киргизүүгө укуктуу. Төрага сунушту 7 күндүн ичинде алдын ала кароо жана сунуштарды киргизүү үчүн 2 күндүн ичинде бардык фракцияларга жөнөтөт. Ушундан кийин төрага маселени кароонун датасын дайындайт.
  2. Жогорку Кеңеш тарабынан өзүн-өзү таратуу жөнүндө маселени кароо толук талкуулоо жол-жобосу боюнча жүзөгө ашырылат.
  3. Талкуулоо аяктагандан кийин, бирок талкуулоо башталгандан 3 күндөн кечиктирилбестен, Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таратуусу жөнүндө сунушу боюнча добуш берүү жүргүзүлөт.
  4. Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таратуу жөнүндө чечими депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин (ред. 80 депутат) кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.
  5. Эгерде өзүн-өзү таратуу жөнүндө токтом кабыл алынса, Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттө президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Мында шайлоо мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган күндөн тартып 45 күндөн кечиктирбестен өткөрүлүшү керек.
  6. Жогорку Кеңеш жаңы чакырылыштын биринчи жыйналышына чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан