30 жаштабы же 50 жаштабы, айырмасы жок! Женнифер Лопес дагы бир жолу суктанарлык дене мүчөлүү экенин далилдеди

Кечээ, 20-сентябрда Милан шаарында Голливуд жылдызы Женнифер Лопес Versace брендинин шоу-программасынын эң соңунда легендага айланган жашыл көйнөгү менен чыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.


Буга чейин белгилүү ырчы жана актриса бул көйнөгүн 2000-жылы "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземине кийип келген эле. Ал заматта эл оозуна алынып кеткен. Google'дун директорлор кеңешинин төрагасы Эрик Шмидттин айтымында, дал ушул көйнөктүн айынан Google Images сүрөттөр базасын түзүү чечилген. 2000-жылы Google'га баш багып, издөөгө жазган популярдуу сөздөрдүн бири Лопестин көйнөгү болгон. Колдонуучулардын мындай кызыгуусунан улам, иштеп чыгуучуларда сүрөттөр кызматын түзүү идеясы жаралган.

50 жаштагы Лопес жарым жылаңач болуп кийинүүдөн тартынбайт. Анын мындан башка да образдары талкууга алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aikaaaa
2019-09-21 20:25:18
Сөз жок, кайра жашарып аткан го
-2
bond02
2019-09-21 22:53:54
Куйдум бир гана, куйдум эээйй...
+3
Tyty1990
2019-09-23 21:25:57
bond02, күйөйүн десем ээээй зажигалка жок
0
zhaku2017
2019-09-22 10:26:36
Фигурасы зынк экен.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан