Кыргыз эстрадасындагы белгилүү ырчы Чолпон Талипбек бүгүн, 22-сентябрда 29 жашка толду. Туулган күнүн ал апасына ыраазычылык билдирүү менен баштагандыгын билдирип, баракчасына видео жарыялады.
Ырчы бийкечти куттуктоолор 29-сентябрга караганда, сааттын жебеси түнкү он экини какканда эле башталганын көрүүгө болот. Ал куттуктоо үчүн досторуна ыраазычылык билдирип, видео жүктөдү.
"Non-stop" дуэтинин солисти, учурдагы жеке ырчы Чолпон Талипбек 1990-жылы 22-сентябрда Кант шаарында төрөлгөн. Шаардагы №1 мектеп-гимназиясын аяктап, Бишкектеги финансылык-техникалык техникумда билимин уланткан. Андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство институтун Телевидение жана радио режиссёру багытында аяктаган.
Алгач "Non-stop" дуэтинин солисти катары таанылган. Максат Садырбеков экөөнүн аткаруусундагы "Кыргызстан", "Ак сүйүү", "Бийиктик", "Жаныма кел" жана башка ырлары заманбап музыка сүйүүчүлөрдүн көңүлүнөн орун алган.
Ырчы бийкеч өзүн ырчылыкта гана эмес кино жаатында да, алып баруучулук тармагында да сынап келет. Ал "Ийгилик баяны", "Жыргал лайф" берүүлөрүн алып барган.
2017-жылы "Non-stop" дуэти тарап, Чолпон Талипбек жеке ырчы катары чыгармачылыгын улантууда. Анын репертуары "Жүрөгүм эзилет", "Таппадым сендей", "Жай", "Сени издейм", "Серенада" жана башка ырлар менен толукталды.
22-сентябрдын жылнаамасы.